Петровка - Нарзан жолуна асфальт төшөлүүдө

Петровка - Нарзан жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка - Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу  52 чакырымды түзөт. 27 чакырымы буга чейин асфальтталып бүткөн. 

2026-жылга карата титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.

Эске салсак, Камышановка-Манас унаа жолуна дагы асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик банктар 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту

Мамлекеттик банктар 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын мамлекеттик банктары санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана комплаенс-көзөмөлдү күчөтүп, айрым компаниялар менен ишкердик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу 23-июнда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жумушчу кеңешмеде маалым болду. Жыйында европалык тараптан түшкөн кайрылуулардын негизинде санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгү жана

Кочкорго 2026-жылы 30 объекти куруу пландалган

Кочкорго 2026-жылы 30 объекти куруу пландалган

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кочкор районунун акими Баялы Досалиев даярдаган презентация сунушталды. Иш-чарага ошондой эле жергиликтүү тургундар жана активисттер да

Мультипликативдик натыйжалуу инвестиция: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Мультипликативдик натыйжалуу инвестиция: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Бишкекте өнөр жай тармагынын өкүлдөрүнүн, фондулук рыноктун катышуучуларынын жана потенциалдуу инвесторлордун жолугушуусу болуп, өндүрүшкө узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуунун механизмдери жана ата мекендик ишканалардын IPOго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Болоттой бекем талап Кыргызстандын калкы жыл сайын болжол менен 150 миң адамга көбөйүп, жаңы турак жай, социалдык объектилер жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө суроо-

Чүйдө экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 25 миң 500 сом айып пул салынды

Чүйдө экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 25 миң 500 сом айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Жайыл жана Панфилов райондорунда, Кара-Балта капчыгайында бир катар экологиялык мыйзам бузууларды аныкташты. Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамсыз балык уулоонун 10 фактысы катталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык мыйзам бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык кылуунун