Кырчын жайлоосуна баруучу жол Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүлөт

Кырчын жайлоосуна баруучу жол Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кырчын жайлоосуна баруучу унаа жолду жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 35 чакырым болгон жол асфальтталып, учурда курулуш иштеринин дээрлик жарымы аяктады. Долбоор Көчмөндөр оюндары башталганга чейин толугу менен бүткөрүлөрү пландалууда.

Жол куруу иштеринин алкагында кошумча инфраструктура да каралган. Тактап айтканда, жол жээгине 500 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана ажатканалар курулат. Мындан тышкары, суу чыгарылып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында бак-дарактар тигилет.

Ошондой эле туристтик зонага алып баруучу негизги жолдорду оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Семёнов – Ак-Суу трассасынын 21 чакырымы толук реконструкциядан өтсө, Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жаңы жол салынып, эки капчыгайды бириктирет.

Белгиленгендей, бул долбоор Президенттин туристтик аймактарга баруучу жолдорду жакшыртуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин   штаб-квартирасына барды

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын

Ишкер Media
Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинде кантты импорттоону чектөө жаатында талкуу болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, токтомдун долбоору азырынча даяр эмес, долбоор жеке ассоциациялар менен макулдашылат. Документ коомдук талкууга 2-октябрда чыгышы мүмкүндүгүн түшүндүрүштү министрликтен. Кантты алып келүү бул жылы 2025-

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Ганага болгон расмий визитинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Гананын президенти Жон Драман Махама менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. ТИМдин башчысы Гананын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирди. Маалымдалгандай, Кулубаев Кыргызстан Африка континентинде Гананы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн жана саясий диалогдорду

Ишкер Media
Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн. 22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын

Ишкер Media