Ош шаарындагы ири көчөгө асфальт төшөлүүдө

Ош шаарындагы ири көчөгө асфальт төшөлүүдө

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Бекмамат Осмонов көчөсүндө асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, аталган объектиде жумуш кызуу жүрүп, 20 техника, 30дан ашуун жумушчу иштеп жатат. 

Быйылкы жылга бул көчөнүн 10,6 чакырымын реконструкциялоо пландалган. Тактап айтканда, Мамыров көчөсүнүн Ак-Тилек айлампасынан баштап, Касымбеков көчөсүндөгү Манас айлампасына чейин толук жаңыланат. 

Эске салсак,  Б.Осмонов көчөсү Ош шаарындагы  шаардагы ири, маанилүү көчөлөрдүн бири болуп саналат. Бул жол шаардагы жаңы базарга алып барып, Баткен облусуна, Араван, Ноокат райондоруна баруучу жолго кошулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды