Бишкекте жол акысын төлөбөгөн 400гө жакын жүргүнчү айыпка жыгылды

Бишкекте жол акысын төлөбөгөн 400гө жакын жүргүнчү айыпка жыгылды

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол акысын төлөөнү көзөмөлдөө күчөтүлдү. Шаар мэриясынын транспорт департаментинин инспектирлөө бөлүмү “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы жана “Тулпар” ишканасы менен биргеликте рейддик иш-чараларды активдүү жүргүзүүдө.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүлөр жумуш күндөрү күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлүп жатат. Рейддердин негизги максаты — жүргүнчүлөрдүн жол акысын өз убагында төлөөсүн камсыз кылуу жана коомдук транспортто тартипти сактоо.

2026-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, жол акысын төлөбөгөн 400гө жакын жүргүнчү аныкталып, ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн.

Шаар бийлиги тургундарды коомдук транспортто жүрүү эрежелерин так сактоого чакырат. Айрыкча, накталай төлөм жүргүзгөн учурда сөзсүз түрдө талон алып, жол акысын төлөгөнүн тастыктоо зарыл экендиги эскертилет.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды