Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган.
Жолдун 9 жерин чоң сел алган.

Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда.

Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды