Майрам күндөрүнө карата аймактарга каттамдардын саны көбөйтүлөт

Майрам күндөрүнө карата аймактарга каттамдардын саны көбөйтүлөт

30-апрелден тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан ырасташты.

Белгилей кетсек, иш күндөрү Нарын жана Ысык-Көл багыттары боюнча 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт. Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барууда.

Автобекеттин иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин болот. Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин, Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт.
Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.
Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Джизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.

Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен сезондук каттамдар да каралган 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичи автобус каттамдары да ишке киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында

Ишкер Media
Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media