Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке - Курбу - Жылдыз – Каракол унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жалпы 3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Учурда 16,2 -17,5-чакырым аралыгындагы 1,3 чакырымына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.
Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” кызматына караштуу №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Бул долбоор аймактагы транспорттук каттамды жакшыртып, жол коопсуздугун жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды