Бишкек – Ош жолуна ири көлөмдөгү таш түштү

Бишкек – Ош жолуна ири көлөмдөгү таш түштү

4-майдан 5-майга караган түнү саат 01:00–02:00 чамасында Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 440+000-(Тилке: Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосу) чакырымында ири көлөмдөгү таш көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар мнистрлигинен билдиришти.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын техникалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун бир тарабы ачылып, унаалар үчүн бир тараптуу кыймыл камсыздалды.

“Азыр жол эки тараптуу ачылды. Айдоочулардан этият болууну жана жол эрежелерин так сактоону суранабыз”, - дейт министрликтен.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media
Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ишкер Media