Өзгөндө селдин кесепетинен жабылган жолдор ачылды

Өзгөндө селдин кесепетинен жабылган жолдор ачылды

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүп, автоунаа жолдоруна кум, шагыл жана таштар агып түшкөн. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жана активдүү жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалымдашынча, Мырза-Аке-Кара-Баткак жолунун 1-чакырымынан 8-чакырымына чейинки бөлүгүндө селдин кесепетинен түшкөн кум, шагыл жана таштарды тазалоо иштери №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Жыланды-Ийри-Суу-Чангет автоунаа жолунун 4 -8-чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жол бетине кум, шагыл жана таштар агып келип, автоунаалардын кыймылы убактылуу токтогон. Аталган тилкеде айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, бир даана экскаватор жана №5 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, жол ачылып, автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу шарт түзүлдү.

Министрлик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын маалымдайт жана жарандарды аба ырайынын шарттарын эске алуу менен этият болууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media
Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ишкер Media