Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө күчүндө

Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө күчүндө

Үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык жолдордо оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, чектөө саат 09:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон күндөрү күчүндө болот.

Ал жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү. Чектөө жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.

Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарды алдын ала пландап, күндүн эң ысык маалында оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпоого жана белгиленген талаптарды сактоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде сел жүрүп  466 турак жайды, 4 тамактануучу жайды суу каптады

Ноокенде сел жүрүп  466 турак жайды, 4 тамактануучу жайды суу каптады

Ноокен району боюнча нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел 466 турак үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 4 коомдук тамактануучу жай, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркаган. Кесепеттерди жоюу

Жайыттарды жакшыртууга 250 миң долларга жакын каражат бөлүнөт

Жайыттарды жакшыртууга 250 миң долларга жакын каражат бөлүнөт

“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” чакан долбоору боюнча Ак-Талаа районунун аймагында жайыттарды жакшыртуу максатында, 250 миң доллар чейинки суммада, 3 күндүк мөөнөттө долбоорлор кабыл алынат. Ак-Талаа райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, долбоорлордун негизги багыты жайыттарды жакшыртуу, туруктуу пайдалануу жана деградациянын алдын алуу боюнча иш-

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо маселелери талкууланды

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды.  Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунай

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кесилишкен жерге чек ара мамычалары орнотулууда

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кесилишкен жерге чек ара мамычалары орнотулууда

Кезектеги демаркациялоо иштеринин алкагында 14-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14