Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт
Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Бул тууралуу кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында белгилүү болду.
МинКабдын маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун каражат каралган.
Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашууну бүгүнкү күнгө чейин берилди.
Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.
"Бүгүнкү күнгө карата АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын кору ушул жылдын аягына чейин жетиштүү", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.
Жыйында бензин ташыган компаниялардын жаңы келишимдерди түзүүсүнө жана өлкөгө жеткирүүсүндө мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканы айтылды.
Министрлер Кабинети койгон баалардын туруктуу сакталышы керектиги белгиленди.
Касымалиев отурумдун соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Мамлекет жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу