Көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көлдөгү негизги жолдор оңдолууда

Көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көлдөгү негизги жолдор оңдолууда

2026-жылга бекитилген планга ылайык, Ысык-Көлдүн курорттук аймагындагы, анын ичинде Көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерге жана пансионаттарга алып баруучу негизги жолдор этап-этабы менен оңдолуп, асфальт-бетон төшөлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы К. Акматов көчөсү аркылуу "Алма-Ата" мейманканасына алып баруучу жалпы узундугу 1,65 чакырым жолго асфальт толугу менен төшөлүп, объект пайдаланууга даяр болду.

Учурда Чолпон-Ата шаарындагы "Береке" эс алуу жайына алып баруучу жолдо, ошондой эле Курортный, Алтын Жээк, М. Ауэзов көчөлөрүндө жана "Имарат строй" участогунда курулуш иштери уланууда.

Мындан тышкары, Садыр-Аке айыл аймагындагы "Азур Резорт", "Фемели Плейм", "Лагуна Сити", ошондой эле Шайбек-Ата айыл аймагындагы "Дилором", "Ак Бермет", "Турал Резорт" жана "Фонтан" эс алуу жайларына алып баруучу жолдордо да оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Кара-Ой айылындагы "Азербайджан" пансионатына алып баруучу 1,3 чакырым жолдо жер жумуштары аяктап, асфальт төшөө алдында турат. Сары-Ой айылындагы "Чайка" пансионатына алып баруучу 1,1 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жыйынтыктоочу иштер аткарылууда.

Мындан сырткары, "Алтын Булак" пансионатынын 700 чарчы метрлик автоунаа токтотуучу аянты асфальтталды. Ал эми "Радуга Вест" гольф-клубуна алып баруучу 2,6 чакырым жана Корумду айылындагы "Солемар", "Охотный двор", "Олимп" пансионаттарына алып баруучу жалпы 1,8 чакырым жолдор асфальт төшөө иштерине даярдалууда.

Министрлик Көчмөндөр оюндары башталганга чейин негизги жолдор пайдаланууга берилерин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52