Жаш Гвардия – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
20-июлдан тарта Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде бардык транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу толугу менен токтотулат.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, чектөө жаңы транспорттук түйүн жана көпүрө куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга байланыштуу киргизилүүдө.
Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылган.
Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырды.