Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт
Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Анын максаты – 2023-жылдын жер айдоо мезгилине чейин өлкөнүн дыйкандарына запастарды жеткирүү. Минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынат, деп айтылат минкабдын сайтында. Бирок, мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинде ал көбүнчө Тажикстанга жер