Чакан бизнеске өкмөттөн баарынан мурда үч нерсе керек: акча, кредиттик кепилдиктер жана салык жеңилдиктери

Чакан бизнеске өкмөттөн баарынан мурда үч нерсе керек: акча, кредиттик кепилдиктер жана салык жеңилдиктери

Каржылоонун жетишсиздиги – өлкөдөгү чакан бизнестин өнүгүшүнө негизги тоскоолдук болуп саналат. Ага сурамжылоого катышкан ишкерлердин 60%ы муктаж. Алардын 31%ы мамлекет тарабынан финансылык колдоого муктаж экенин айтышкан.

Кыргызстандын Кепилдик фонду өлкөдөгү микро, кичи жана орто бизнес өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Респонденттердин 60%ы бизнесин өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо керек экенин белгилешкен. Кээ бир ишкерлер финансы рыногунан керектүү каражаттарды тартууга даяр экенин, бирок аны менен бирге мамлекет тарабынан да жардамга муктаж экендигин айтышкан.

Респонденттердин 31%ы мамлекет тарабынан финансылык колдоого муктаж экенин айтышкан. Сурамжылоого катышкандардын 18%ы мамлекеттен кредиттик кепилдиктерди, ал эми 17%ы салыктык жеңилдиктерди күтүшөт, деп айтылат изилдөөдө.

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести каржылоонун негизги булагы болуп банктардын кредиттери саналат. Кепилдик фондунун сурамжылоосуна катышкан ишкерлердин дээрлик жарымы муну тастыкташкан. Фонд ошондой эле Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерлер насыя алууда кандай негизги кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын аныктады. Алардын арасына: кредиттер боюнча өтө жогору пайыздык чен, күрөөнүн жетишсиздиги же жоктугу, насыялар аз мөөнөткө берилиши кирет.

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин абалын изилдөө Кепилдик фонду тарабынан 2022-жылдын 7-сентябрынан 28-сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Сурамжылоого өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин 722 өкүлү катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Кыргызстан климаттык долбоорлор боюнча эл аралык өнөктөштүктү бекемдейт

Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Азиянын токой кызматташтыгы уюмунун (AFoCO) өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана келечектеги биргелешкен демилгелерди талкуулады. Борбордун маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан агротокой чарбачылыгы аркылуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышынын ордун толтуруу боюнча иштин жыйынтыктары каралды. Долбоор фермерлер арасында агротокой чарбачылыгын өнүктүрүүгө,

Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоорун улантууга байланыштуу кабыл алынган. Жер алдындагы жөө адамдар

Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Кыргыз-корей алакасы: "Менин айылым" долбооруна дагы 670 миң доллар бөлүнөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте "Менин айылым" долбоорун колдоону улантуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангже, ошондой эле KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лим

Өзбекстандан алынып келинген пияз өлкө аймагына киргизилген жок

Өзбекстандан алынып келинген пияз өлкө аймагына киргизилген жок

“Достук” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Өзбекстандан импорттолуп келе жаткан 24 770 кг пияз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировкалоо белгилери жок экендиги аныкталды. Мыйзам талаптарына ылайык жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилбей,