Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду

Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду

29-ноябрда Кыргызстандын президенти Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду.

Өзбекстандын Анжиян деп аталган Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол коюлду. Бул келишимди Жогорку Кеңеш 17-ноябрда ратификациялаганы айтылды.

Бул документте суу сактагычтын суусун биргелешип башкаруу аныкталган. “Келишимдин максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия аркылуу башкаруу”.

Садыр Жапаров ошондой эле “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Өзбекстан ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды да Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган.

Президент кол койгон келишимдин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы узундугу 302.29 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкелери аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media