Кыргызстанда 942 ишкер 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырды
Салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын легалдаштыруу боюнча кампанияны жыйынтыктады. Кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Легалдаштыруу учурунда келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдардын калдыктары тууралуу маалыматтар салык кызматынын маалымат базасына киргизилди. Бул чара мындан ары