Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек
Депутат Дастан Бекешев көп кабаттуу үйлөргө LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-мартта Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Бекешев мурда президент борбор калаада мындай жарнама экрандарын көчөлөргө орнотууга тыюу салганын эске салды.