Кыргызстандык «Куликовский» кондитердик үйү Ташкентте дароо эки дүкөнүн ачты
Кыргызстандык “Куликовский” фирмалык дүкөнү июнь айынын аягында Ташкенттин Чиланзар районундагы «Магнум» соода борборунда ачылды. Бул тууралуу uznews.uz порталы билдирди. Ошондой эле маалыматта көп күттүрбөй эле июль айында Шайхантахур районунда дүкөндүн экинчи түйүнү пайда болгону айтылат. “Куликовский” кондитердик фабрикасынын атактуу кондитердик тамак-аштары менен десерттерин азыр ташкенттиктер даамдап тата алышат.