Сом рублга карата 14%га арзандады - бул Россиядан импорттун көлөмүн азайтып, инфляцияны күчөтүшү мүмкүн
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) талдоочулары “Макроэкономикалык обзорунун” кезектеги санын чыгарып, анда рублдин бекемделишинин кесепеттери жөнүндө айтышты. Алардын айтымында, орус рублинин долларга карата бекемделиши жаңы көрүнүштү пайда кылган. Бул региондогу мамлекеттердин улуттук валюталарынын рублга карата арзандоосуна алып келген. Мисалы, жыл башынан бери теңге рублга карата 30%дан ашык алсыраган, алсыроонун олуттуу