Коом
Бишкекте мыйзамсыз турак үй сатууга аракет кылган компаниянын иши токтотулду
Кечээ, 10-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзгөн компанияны аныктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Arcon” ЖЧКсы курулушка уруксат кагаздары жок, реестрге катталбаган жана социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сатууга аракет кылганы белгилүү болду. Натыйжада министрлик компаниянын