акыркы жаңылыктар

Ошто 18 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулууда – тизмеси

Ошто 18 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулууда – тизмеси

Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги республика боюнча 59 бийик курулуш мыйзамсыз курулуп жатканын аныктады. Алардын ичинен 18 объект Ош шаарында жайгашкан. Мыйзам боюнча, архитектуралык документи жок курулуш жүргүзүүгө болбойт. Буга байланыштуу аталган агенттиктин архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзам бузууларды жоюу боюнча иштерди аткарат.

Көмүрдүн баасынын максималдуу чени белгиленди, бирок баары бир баа көтөрүлүүдө

Көмүрдүн баасынын максималдуу чени белгиленди, бирок баары бир баа көтөрүлүүдө

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарларындагы көмүрдүн баасынын максималдуу чегин белгиледи. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Бирок баа жөнгө салынганына карабастан, Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, анын наркы улам көтөрүлүүдө. Көмүрдүн түрүнө жана өндүрүлгөн жерине жараша анын килограммынын акыркы баасы – 2.5 сомдон 9.5

Энергетика министрлиги электр жарыгын убак-убагы менен өчүрбөөгө убада берди

Энергетика министрлиги электр жарыгын убак-убагы менен өчүрбөөгө убада берди

Энергетика министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен (веердик) өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Бекитилген график боюнча, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык энергетикалык объекттерде оңдоп-түздөө иштери аяктайт. 1-ноябрдан тарта ремонт иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бирок авариялык кырдаал

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондду түзүү жана ага 1 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык жыйынында билдирди. Мындан тышкары, туристтик жерлерге баруучу жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери да

Садыр Жапаров: «Кумтөрдөн» ай сайын бюджетке 500 млн сом түшүп жатат

Садыр Жапаров: «Кумтөрдөн» ай сайын бюджетке 500 млн сом түшүп жатат

«Кумтөр» ай сайын республикалык бюджетке 500 млн сом которуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.   Анын айтымында, 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы келишимде «Кумтөр Голд Компани» геологиялык чалгындоо иштерине

Ачылганына 4 ай болгон ишкана Германиянын базарына кире баштады – жүн иштеткен Чынара Алимаматованын баяны

Бизнес маек

Ачылганына 4 ай болгон ишкана Германиянын базарына кире баштады – жүн иштеткен Чынара Алимаматованын баяны

Кыргызстанда жүндү тазалап, жууп, тытып, аны кайра иштетип чыгып, андан кездемелерди, жууркандарды тиккен ишкана ачылды. Ачылганына 4 эле ай болгонуна карабастан, ишкана өндүрүлгөн товарын Казакстан, Германияга экспортко чыгара баштаган. Пандемия учурунда токтоп калган полиграфия бизнесин жүн жууркан жасаган ишканага айлантып, насыя алып, эски заводду жандандырып, ишмердигин баштаган «Эколав» ишканасынын негиздөөчүсү,

Руслан Суйналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Руслан Суйналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Руслан Суйналиев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буйрукка 19-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кечээ, 20-октябрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырды. Руслан Суйналиев бул кызматка дайындалганга

Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт

Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт

Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт. Анткени президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Мыйзамга ылайык, Аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана кызматтан

Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

2020-жылы республикалык бюджетке тамеки продукттарынан 6 млрд сом акциздик салык түшкөн эмес. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. Көзөмөл органдын берген маалыматына ылайык, аналитикалык эсептөөлөр боюнча 10.7 млрд сом салык түшүш керек болчу. Бирок өткөн жылы бюджетке 4.7 млрд сом гана түшкөн. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК)

«Шоро» компаниясы өндүрүшүн кеңейтүү үчүн ОКӨФ кредит берет

«Шоро» компаниясы өндүрүшүн кеңейтүү үчүн ОКӨФ кредит берет

«Шоро» ЖАК Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен кредиттик келишимге кол койду. Компания алган каражатты өндүрүштү кеңейтүүгө жумшайт. Бул тууралуу ОКӨФтүн басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, компания сүттү кайра иштетүү жана Россияда жасалган сүт азыктарын өндүрүү боюнча заманбап, жогорку өндүрүмдүү жабдууларды сатып алууну көздөөдө. «Шоро» улуттук суусундуктарды, бөтөлкөдөгү сууну жана

Кыргызстанга тыштан 2 млрд кВт/с электр энергиясы керек

Кыргызстанга тыштан 2 млрд кВт/с электр энергиясы керек

Күз-кыш мезгилин өткөрүүгө Кыргызстанга 2 млрд кВт/с жакын электр энергиясын импорттоо керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кечээ, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул чыгымдарды жабуу үчүн каржы булактары бар. Аалиев, министрлер кабинети Казакстан, Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстан менен электр энергиясын алуу

КРнын энергетика тармагына башын салып жаткан Hampton Resources Limited эмне болгон компания?

КРнын энергетика тармагына башын салып жаткан Hampton Resources Limited эмне болгон компания?

Депутат Наталья Никитенко Фейсбуктагы баракчасында Министрлер Кабинетинин күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн «Электр станциялары» ААКсын казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйругун жарыялады. «Бул күмөндүү репутациясы бар белгисиз жеке компания стратегиялык ишкананын от казандарын тейлейт дегени эмнени билдирет? Ал эми компания кызматы үчүн акча алат, башкача