Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда. Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын