Министрлер кабинети КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесин кыскартууну көздөөдө
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин кыскартуу жана аларды маркалоонун көзөмөлдөнүшүн киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова аталган маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир жумалык мөөнөттө КНСтен бошотулган дары-дармектердин жана