Кылмыштуулук былтыркыдан 31%га көбөйдү – башкы прокуратура
КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын аймагында 17.5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-апрелине салыштырганда 31%га көп. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады. Кылмыштардын жалпы санын алганда, анын 2 миңден ашыгы же 11%ы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын