«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторуна эми жүргүнчүлөр гана кире алат – убактылуу чектөөлөр киргизилди
Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет. Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. «Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында