Коом
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык башталды
Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык алкагында электр тармактарын ири масштабда жаңылоо иштери башталды. Анын алкагында 2026-жылы 40 700 кмден ашык СИП-кабелди тартуу жана реконструкциялоо пландалып жаткандыгын Энергетика министрлигинен бидиришти. Билдирүүгө караганда, долбоор март айынан ноябрга чейин жүргүзүлүп, шаардын негизги электр тармактарын камтымакчы. Иштер райондук электр тармактары боюнча бөлүштүрүлөт.