акыркы жаңылыктар

Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Транспорт

Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 17-октябрында саат 18:00дөн 18-октябрдын саат 05:00гө чейин Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, кыймыл багытыңыздарды алдын ала пландап

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

Транспорт

Айбек Жунушалиев: Бишкектин жолдорундагы тыгындарды азайтууга чыгырыктар жардам берет

Бишкек щаарынын бийлиги чыгырык тебүүгө тыюу салбайт, бирок аларды коопсуз колдонуунун так эрежелерин белгилейт. Шаар бийлиги Бишкектин көчөлөрүнөн чыгырыктарды алып салбайт. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардын транспорт тармагын жакшыртууга арналган ачык эксперттик жыйында билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мэр чыгырыкчылар жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга тоскоолдук жаратпай,

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

Экономика

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди. 2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын / улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды. Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери  айыпка жыгылды

Коом

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери айыпка жыгылды

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом айып салуу тууралуу 19 токтом чыгарылганы аныкталды. Бирок

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору бекитилген. Финансы министрлигинен кабарлашкандай, аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Бизнес

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тарта ломбарддардын минималдык капиталы 7 млн сомдон кем эмес болушу керек деген талапты бекитүүнү сунуштады.   Аталган ведомствонун билдиришинче ломбарддардын уставдык капиталын көбөйүшү алардын төлөө жөндөмүн жогорулатып, потенциалдык чыгымдарды жабуусун жакшыртат. Жана бул мамлекеттин ломбард рыногун натыйжалуу көзөмөлдөөгө, көмүскө схема менен күрөшкөнгө шарт түзөт.   Муну

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Экономика

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн жеңилдетилген кредиттер берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т токтому менен «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун» бекиткен. Долбоорду ишке ашырууда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционерлери катышып, алардын кредиттик көлөмү 200

IFAD  Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

Экономика

IFAD Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) вице-президенти Донал Браун менен жолукту. Министр фондго Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшүнө кошкон көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, IFADдын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестиция көлөмү 120 млн

Чүйдө ишкерлерге жыл башынан бери 1,12 млрд сом кепилдик берилген

Экономика

Чүйдө ишкерлерге жыл башынан бери 1,12 млрд сом кепилдик берилген

2025-жылдын январь-сентябрь айларында эң көп кепилдик Чүй облусундагы ишкерлерге берилген. Тактап айтканда, 1,12 миллиард сом, бул фонддун жалпы кепилдиктеринин 46%ын түзөт. Бул тууралуу Ekonomist.kg сайты  «Гарантиялык фондго» шилтеме берүү менен жазды. Экинчи орунда — Талас облусу (142,9 млн сом, 6%), үчүнчүдө — Ош облусу (112,2 млн сом,

Ош – Бишкек жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом

Ош – Бишкек жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Ош–Бишкек унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз салынган имараттар буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Масы айылындагы трассанын кызыл сызыгына кирип кеткен ондон ашык курулуш объектиси мыйзамга ылайык алынууда. Буга чейин жер ээлерине эскертүүлөр берилген жана жер тилкесин калыбына келтирүү

Бишкекке дагы 12 метрлик  95 автобус келет

Транспорт

Бишкекке дагы 12 метрлик 95 автобус келет

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы ар күнү автобустар бекитилген график боюнча маршрутка чыгып, штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.  Жол оңдоо иштеринен жана автотранспорттук агымдын көптүгүнөн автобустар ортосундагы интервал чоң болуп кетип жатканы айтылат маалыматта.  Жыл аягына чейин Бишкекке дагы 12 метр узундуктагы 95 автобустар келерин маалымдайт аталган мекеме.