К.Ташиев угуусу начар балдардын жатак-мектебине 1 млн сомдук колдоо көрсөттү
Жаңы жылды утурлай Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектепке барды. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчыбек Ташиев окуу жайдын жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн актовый жана спорт залдары менен таанышып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү