Бизнес
ESG отчет жана анын маанилүүлүгү Бишкекте талкууланды
2023-жылдын 11-октябрында Кыргыз фондулук биржасы Эл аралык Финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен “KФБнин финансылык эмес ESG отчеттуулукту ачуу боюнча эл аралык тажрыйба” деген темада практикалык конференция өткөрдү. Конференциянын негизги максаты – эксперттердин, мамлекеттик органдардын, листинг компанияларынын ортосунда ESG отчеттуулугун ачуунун жана Кыргызстанда ESG принциптерин ишке ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө диалогду түзүү: глобалдык