Коом
Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана америкалык “Wabtec” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Жолугушууда Мамлекет башчысы АКШны көз карандысыздыгынын