ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү газ рыногун түзүүнү пландаштырууда
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү бирдиктүү газ рыногун түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу 7-декабрда «Ала-Тоо» телеканалына берген маегинде Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациясы бөлүмүнүн башчысы Назгүл Сыдыгалиева билдирди. Анын айтымында, бул маселе көптөн бери каралып келген. 2018-жылдан бери жалпы газ рыногун түзүү маселеси программага киргизилип, аны ишке ашыруу планы түзүлүүдө. «Бул планда