Айгерим Качкынбекова

Кыргызстандык 33 ишкер Германияда бизнес-тажрыйба алмашты

Бизнес

Кыргызстандык 33 ишкер Германияда бизнес-тажрыйба алмашты

Кыргызстандан 33 ишкер Германиянын алдыңкы компанияларында такшалмадан өтүп, европалык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашып кайтышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады. Маалыматка ылайык, “Германия менен бизнес-өнөктөштүк” программасынын алкагында 2025-жылы кеңири тандоо жүргүзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюштурган сынакка 69 талапкер катышып, алардын 47си программага сунушталган.

Быйыл “Чакан ГЭС” ААКсы энергетикалык объектилерин модернизациялайт

Энергетика

Быйыл “Чакан ГЭС” ААКсы энергетикалык объектилерин модернизациялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы 2026-жылга карата иш-планды даярдады. Анда гидроагрегаттарды учурдагы жана капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо жана жаңы объектилерди ишке киргизүү каралган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жыл ичинде компаниянын объектилеринде жабдууларды иштөөчү абалда сактоо, авариялардын алдын алуу жана гидроэлектростанциялардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 300 утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Коом

Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

Транспорт

"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

Санариптештирүү темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Бул алкакта "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы жүк ташуу процессин автоматташтырууга багытталган жаңы санариптик системаны киргизүүдө. Учурда ишканада жүк ташуулардын бардык этаптарын бириктирген "Ташуу процессинин бирдиктүү модели" программасы этап-этабы менен ишке киргизилип жатат. Система жүк

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде онлайн-форматта Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кирешеге жана капиталга салыктар боюнча кош салык салууну болтурбоо жана салыктан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш жүргүзгөн чарба субъекттеринин кирешелерине

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Бизнес

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунун прокуратура органдары укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси талкууланып, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбей турганы белгиленди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Коом

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоочу комплексин куруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1057-Т тескемесинин негизинде ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Комплекс агын сууларды заманбап ыкмада тазалап, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтат. Ошондой эле эт, тери, желатин

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Транспорт

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Коом

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Коом

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Бийлик

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган макулдашууга 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек

Акиташ-ракушечникти ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Экономика

Акиташ-ракушечникти ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу же чарчы формадагы блокторго жана такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү