Коом
Токтогулда кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 48,5 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам иликтөөнүн негизинде мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти. Маалымат булактары аркылуу жарандардан түшкөн маалыматтын негизинде ошол эле күнү ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, Токтогул РИИБине мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча кат жолдонгон. Рейддин жыйынтыгында Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач