Айгерим Качкынбекова

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Коом

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Күн мурун Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1 100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор чыгарылды. Аталган иш-чаралар биологиялык

Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Коом

Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Өлкөдө мектептердин жетишсиздиги жана класстардагы окуучулардын көптүгү 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу эмес. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, айрым мектептерде 40–50 окуучу билим алып жаткан жагдайлар 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле орун алып келген. "Бул маселе

ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Коом

ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды көлмөлөрдүн үстүнө тоңгон музда өзгөчө этият болууга чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан кырсыктардын катталуу коркунучу жогору. Андыктан адистер төмөнкү талаптарды так аткарууну эскертет. Тактап айтканда, тоңгон көлмөлөргө эч качан жалгыз барбоо зарыл. Муздун бекемдигин текшерүү үчүн аны бут менен тепкилөө

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Коом

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2-февралдан башталат

Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөн айдоочулардын лицензиясын текшерүү жана рейддер 2-февралдан тарта жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдады. Маалыматка ылайык, такси айдоочуларына лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Ошондуктан айдоочулар бул убакытка чейин тиешелүү уруксат кагазын алып үлгүрүшү керек. ЖКККББ такси айдоочуларын лицензияны

16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

Коом

16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

16-декабрда Бишкек шаарында Элебаев көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн жылдыруу иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады. Суу берүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана социалдык-тиричилик объектилерине чектелет. Өчүрүү аймагы Ж.

Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

Экономика

Бишкекте БА менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулаган форум өтөт

12-декабрда Бишкекте 2026-жылдын 4–5-февралында өтө турган Экинчи "В5+1" Форумун даярдоого арналган брифинг болуп өттү. Ага Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форум 2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо өткөн "С5+1" саммитинде жетишилген макулдашууларды

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Экономика

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Октябрь райондук прокуратурасынын заманбап имараты ишке кирди

Коом

Октябрь райондук прокуратурасынын заманбап имараты ишке кирди

КРнын Башкы прокурору Максат Асаналиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышып, аны расмий түрдө пайдаланууга берди. Бул тууралуу ашкы прокуратурадан билдиришти. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Башкы прокурор жаңы имараттын ачылышы мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган маанилүү

ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

Экономика

ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

11-декабрда Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйынга КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен министрдин орун басары Султан Ахматов катышты. Жолугушууда ЕАЭБдин стратегиялык документтерин ишке ашыруу маселелери,

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды

Бийлик

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды

Президент Садыр Жапаров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана анын ролун күчөтүүгө багытталган Жарлыкка кол койду. Жарлык инвестицияларды тартуу жаатындагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы инвестициялык саясатка, инвестициялык долбоорлорго жана макулдашууларга байланышкан маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат.

Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Коом

Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Бүгүнкү күндө Араван–Ак-Буура ирригациялык системасынын суу жеткирүү инфраструктурасы этап-этабы менен жаңыланууда. Реконструкциянын алкагында суу алуучу курулмалар, магистралдык каналдар жана бөлүштүрүүчү тармактар оңдолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Араван–Ак-Буура каналынын жалпы узундугу 31,3 чакырымды түзүп, 21 918 гектар сугат аянтты суу менен камсыздайт. Анын ичинен 6

Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Коом

Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардам жеткирилди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) аркылуу акысыз негизде берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы ВПП ООН долбоорлоруна катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылат.