ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды көлмөлөрдүн үстүнө тоңгон музда өзгөчө этият болууга чакырат.

Министрликтин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан кырсыктардын катталуу коркунучу жогору. Андыктан адистер төмөнкү талаптарды так аткарууну эскертет.

Тактап айтканда, тоңгон көлмөлөргө эч качан жалгыз барбоо зарыл. Муздун бекемдигин текшерүү үчүн аны бут менен тепкилөө кооптуу. Кар баскан муздун алдында көзгө көрүнбөгөн жаракалар жана тешиктер болушу мүмкүн. Атүгүл аба ырайы катуу суук болгон күндөрү да муз жука болуп, күтүүсүз жарылып кетиши ыктымал.

Калыңдыгы 5 сантиметр болгон муз чоң кишинин салмагын көтөрө албайт. 10 сантиметр музда балык уулоого мүмкүн болгону менен, анын үстүндө басууга болбойт. Ал эми 12 сантиметр калыңдыктагы муз кар унаасынын (снегоход) жүрүшүнө жарактуу. 20–30 сантиметр муз жеңил унааны, 30–38 сантиметр калыңдыктагы муз жүк ташуучу унааны көтөрө алат.

Ошондой эле муздун үстүнө кар жааган учурда, туман түшкөндө жана караңгы мезгилде көлмөлөргө чыгуу кооптуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өз өмүрүнө жана коопсуздугуна кайдыгер карабоого, муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен