Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Садыр Жапаров: Мектептердин тартыштыгы 12 жылдык билим берүүгө байланыштуу эмес

Өлкөдө мектептердин жетишсиздиги жана класстардагы окуучулардын көптүгү 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу эмес. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым мектептерде 40–50 окуучу билим алып жаткан жагдайлар 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле орун алып келген.

"Бул маселе 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле бар болчу. Мисалы, мурда 1–2-класстарга 140–150 миңдей бала кабыл алынса, 2025–2026-окуу жылына карата 1-класс — 106 миң 15, 2-класс — 124 миң 593 окуучуну түздү", — деди мамлекет башчысы.

Президенттин маалыматына ылайык, 2015-жылы өлкөдө 1 миллион 43 миң 356 окуучу болсо, 2025-жылы алардын саны 1 миллион 536 миң 633кө жеткен. Акыркы 10 жылда окуучулардын саны 500 миңге көбөйгөн.

"Бул — мамлекеттеги демографиялык өсүштүн, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаарларга көбөйгөнүнүн жыйынтыгы. Айрыкча шаардык борборлордо кошумча мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгы жаралды", — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал учурда бул багытта пландуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, 2025-жылдын башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлгөнүн билдирди. Алардын ичинен 60 мектеп жана 28 бала бакча курулуп, 41 мектепте жана 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, ар кандай каржы булактарынын эсебинен дагы 16 мектеп жана 13 бала бакчанын курулушу аяктаган. Жалпысынан республика боюнча 163 билим берүү объектиси пайдаланууга берилген.

Президенттин айтымында, 2025-жылы Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектептин курулушу пландалууда. Бул шаарларда мектептерге болгон муктаждык өзгөчө жогору.

Ошондой эле өлкө боюнча учурда ар кандай стадияда курулуп жаткан 216 мектеп жана 107 бала бакча бар. Алардын жарымы 2026-жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүүгө өтүү мезгил талабы экенин да баса белгиледи.

"Бул — бүткүл дүйнөлүк стандарт жана билим берүү рыногунун глобалдык талабы. Биз дүйнөлүк эмгек рыногу менен айкалышкан билим берүү системасынан артта калбашыбыз керек", — деди ал.

Кыргызстанда 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктайт. Азыркы 10–11 жылдык система өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүткөн.

"Бүгүн рынок экономикасына атаандаш боло алган, эрте кесипке ээ болгон адистерди даярдоо — заман талабы. Бул маселеде артта калууга акыбыз жок", — деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен