Коом
Кочкордо арзан эт жарманкеси уюштурулууда – баасы 600 сом
Кочкор районунда баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында социалдык багыттагы эт жарманкеси өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Кочкор райондук агрардык