Коом
Б.Төрөбаев: Азыр ным топтобосок – жазында түшүм аз болот
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды жана фермерлерди күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Министрдин айтымында, өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жер бар, анын 800 миң гектары — сугат, 400 миң гектары — кайракы жерлер. Бирок күзгө карата жүргүзүлө турган иштер азыр