Коом
Монголиядагы эң ири жез комбинаты Кыргызстанга металл казууга жардам бериши мүмкүн
Монголиянын "Эрдэнэт" жез-молибден комбинаты Кыргызстанда биргелешкен тоо-кен долбоорлорун ишке ашырууга тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 10-июлда Монголиядагы "Эрдэнэт" заводуна болгон сапарынын алкагында айтылды. Берилген маалыматка таянсак, мамлекет башчысына "Эрдэнэт" заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана