Ишкер Media

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажырады

Бийлик

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажырады

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн, “КРнын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды: 1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры”

Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Транспорт

Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Үстүбүздөгү жылы Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу жана 25 чакырым тротуар курулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жыл ичинде курулуш тармагында аткарылган бир катар иштер тууралуу айтып жатып билдирди. Аны менен катар, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн 10го жакын сейил бак курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, республикалык

Муниципалдык инспекцияга жана акимияттарга 17 кызматтык унаа тапшырылды

Коом

Муниципалдык инспекцияга жана акимияттарга 17 кызматтык унаа тапшырылды

Жаңы жыл алдында шаар мэри Айбек Джунушалиев Муниципалдык инспекцияга жана райондук администрацияларга жалпы 17 кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэр кызматкерлерге 2025-жылы аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Муниципалдык инспекция айлана-чөйрөнү коргоо жана транспорт каражаттарын көзөмөлдөө боюнча жетиштүү натыйжа көрсөткөн. Мисалы, жай мезгилинде бардык транспорт каражаттары текшерилип,

А.Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелердин иши менен таанышты

Бийлик

А.Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелердин иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна иш сапары менен барып, бир катар социалдык стационардык мекемелерди кыдырды. Сапардын жүрүшүндө ал мекемелердин шарттары, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана тургундардын социалдык абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач МинКаб Төрагасы Жайыл районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болуп, анда жашаган

Күйүүчү майга болгон кырдаал кандай?

Экономика

Күйүүчү майга болгон кырдаал кандай?

2025-жылдын декабрына карата Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар акырындык менен өсүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Республиканын калктуу конуштары боюнча айрым керектөө товарларынын орточо бааларынын күнүмдүк мониторингинин натыйжасына таянып, Улуттук статистика комитети жарыялады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, күйүүчү майга болгон баалар 2025-жылдын ноябрына салыштырмалуу декабрь айында өсүүсүн улантууда. Күйүүчү

"Жыргалаң" шахтасынын беш лоту аукционго коюлду

"Жыргалаң" шахтасынын беш лоту аукционго коюлду

"Жыргалаң" шахтасы ААК мүлктөрдү сатуу боюнча ачык аукцион жарыялады. Соодага Ак-Суу районунда жайгашкан жер тилкелери жана курулушу бар участокту камтыган беш лот коюлганын компаниянын атайын администратору билдирди. Аукционго коюлган лоттор: * №1-лот — аянты 1 миң чарчы метр болгон жер тилкеси, баштапкы баасы 5,3 миллион сом; * №2-лот — аянты 1

Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Экономика

Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан "Беш-Таш–Кайыңды" минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөнүн Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү министрлиги билдирди. Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу

Кыргызстанда азык-түлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 8,9%га кымбаттады

Экономика

Кыргызстанда азык-түлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 8,9%га кымбаттады

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөнү айтылат. Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%, кургатылган

Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Экономика

Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Кыргызстан быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде билдирди. Ал айткандай, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын өндүрүлгөн. "Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз.

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөйт

Транспорт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөйт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөрүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жолдун курулушу менен таанышып жатып билдирди. Төраганын айтымында курулуш иши дээрлик 5 жылга созулуп кеткен. "Биз бийликке келген 2020-жылдын декабрь айынан тарта бул маселе көтөрүлө баштаган. Бирок, беш жылдан бери айта берип, улам тапшырмалар жаңылана берип, бир

“Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы иштеп баштады

Кызыктуулар

“Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы иштеп баштады

Кечээ “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы расмий түрдө ишин баштап, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Аламүдүн районунун администрациясынын өкүлдөрүнүн жана лыжа сүйүүчүлөрдүн катышуусунда ачылышы болгонун "Кабар" агентиги жазды. Базанын иши - Чүй өрөөнүнүн туристтик потенциалын жогорулата турчу демилгелердин бири болуп саналат. Белгилей кетсек, “Чуңкурчак” тоо-лыжасы Бишкек шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

Убагында төлөнбөсө Бишкекте 5500 абонент жарыксыз калат

Убагында төлөнбөсө Бишкекте 5500 абонент жарыксыз калат

29-декабрда борбор калаада дебитордук карызы бар 5 500дөн ашуун абоненттин электр энергиясы АИСКУЭ системасы аркылуу алыстан өчүрүлөрүн Бишкек электр тармактар ишканасы эскертти. Андыктан шаар тургундары электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырылат. Абоненттер өздөрүнүн жеке эсебинин абалын ишкананын расмий сайтындагы "Абонент балансы" бөлүмү аркылуу текшере алышат. Ошондой