Экономика
Россия Кыргызстандан товарларды кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптин мөөнөтүн узартты
Россиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Кыргызстан аркылуу автоунаа транспорту менен ташылган товарларды жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу мөөнөтүн 25-декабрга чейин узарткан жарлыкка кол койду. Расмий укуктук актылар жарыяланган сайтка жайгаштырылган документте 2025-жылдын 24-октябрындагы №778 жарлыкка өзгөртүү киргизилгендиги, анда мурда 10-декабрь деп көрсөтүлгөн дата жаңыртылганы белгиленет. Өзгөртүүлөр президент кол койгон учурдан