Назира Абдиева

Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын башка мамлекеттер менен чектеш аймактарында кечээтен бери, 22-августтан тартып, дизелдик отунга дифференцияланган баалар киргизилди. Эми башка мамлекеттердин, анын ичинде биздин жарандар Казакстанда дизель майын кымбатыраак баада сатып алышат. Бул тууралуу казакстандык Vlast.kz басылмасы билдирди. 22-августта мунай продуктуларынын чекене сатыктагы бааларын белгилөө боюнча Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирди,

Ош шаары 2025-жылга чейин өнүгүү программасына 12.2 млрд сом инвестиция тартмакчы

Ош шаары 2025-жылга чейин өнүгүү программасына 12.2 млрд сом инвестиция тартмакчы

Ош мэриясы 2022-2025-жылдарга карата «Келечекке татыктуу шаар» аталган социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жалпысынан 16 млрд 844 млн сомдук каржылоо менен ишке ашырып жатат. Ош мэриясынын басма сөз кызматынын айтымында, мындай маалыматты түштүк борбордун вице-мэри Марс Исаев 22-августта Инвестициялар агенттигинин директору Равшан Сабировдун катышуусу менен өткөн жыйында билдирди. Көчмө жыйында бирдиктүү мамлекеттик

Tez Jet авиакомпаниясы Жалал-Абадга кошумча каттамдарды ачты

Tez Jet авиакомпаниясы Жалал-Абадга кошумча каттамдарды ачты

Кыргызстандык Tez Jet авиакомпаниясы Бишкектен Жалал-Абадга кошумча каттамдарды ачты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын (МАМ) басма сөз кызматы билдирди. Кошумча регулярдуу рейстер 19-августтан тартып ачылды. Алар жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Жаңы каттамдар ачылганга чейин Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын – жумасына 7 жолу аткарылчу. Ал эми

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө 10 күн калды

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө 10 күн калды

Унаа, турак-жай, батир жана жер участогуна салыктарды төлөп жетишүүгө 10 күн калды. Андыктан Салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай мүлктөрүнүн жана жер үлүштөрүнүн ээлерин убакыттан пайдаланып, төлөө мөөнөтү 1 жана 2-сентябрда бүтө турган транспортко, турак-жайга жана жерге төлөнүүчү салыкты төлөөгө шашылууга чакырат. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линия орнотууну тапшырды

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линия орнотууну тапшырды

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен тез арада сүйлөшө баштоону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, минкабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, минкаб башчысы заводго барган иш сапарында “люкс” классындагы продукциянын сапатынан эч ким кынтык

«Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Абдуллаевдин кеңсесинен ар кандай валютада 822 млн сом табылды

«Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Абдуллаевдин кеңсесинен ар кандай валютада 822 млн сом табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалган «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевден ар кандай валютадагы 822 млн сомго барабар акча алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Абдуллаевдин «Үмүт жана Ко» ишканасындагы кеңсесинен ар кандай

Кыргыз фондулук биржасынын жалпы баасы 66 млрд сомдон ашты

Кыргыз фондулук биржасынын жалпы баасы 66 млрд сомдон ашты

Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) индекси жана капитализациясынын көрсөткүчтөрү кыйла жогорулап, август айынын орто ченинде жаңы рекордго жетти. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында берилген. Берилген маалыматка ылайык, КФБ индекси 1896.83 пунктка, ал эми капитализациясы 66.1 млрд сомго жетти. Белгиленгендей, өткөн аптада көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшү катталган. 16-августта индекс 1712.4

Микрокредит алуучулардын саны 9.5%га азайып, 298 миң адамды түздү

Микрокредит алуучулардын саны 9.5%га азайып, 298 миң адамды түздү

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар 17.4 млрд сомго насыя беришкен. Алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн. Мындай маалыматты Улутстатком билдирген. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредит алган калктын саны 9.5%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 1.7%га азайган. Кошумчалай кетсек, микрокредиттердин эң

Үч кыргызстандык стартап Мароккодо өтүүчү A-Hub акселератордук программасынын финалына катышат

Үч кыргызстандык стартап Мароккодо өтүүчү A-Hub акселератордук программасынын финалына катышат

Үч кыргызстандык стартап эл аралык акселератордук A-Hub программасынын финалына чыгып, Мароккого жолдомо утушту. Финалда алар инвесторлорго долбоорлорун сунуштап, баш байге үчүн ат салышат. Акселератордук программага катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан 86 арыз түшкөн, анын ичинен 15 IT-долбоор тандалып алынган. Акселерациянын алкагында катышуучулардын астына деңгээлин жогорулатуу, чыгармачыл, технологиялык жана маданий потенциалын

Балыкчы - Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Балыкчы - Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Бүгүнкү күнгө карата «Кыргызалтын» ААКтын каржылоосу менен оңдолуп жаткан Балыкчы – Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын жол куруучу ишканалар ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 141.64 км түзгөн Балыкчы – Барскоон жолун реконструкциялоону башкы подрядчы катары Жол куруучу ишканалар ассоциациясы ишке ашырууда. Уюм жолду

Нефтетрейдерлер дизель майы кымбаттайт деп эскертишти – Россиядан экспорт азайып баратат

Нефтетрейдерлер дизель майы кымбаттайт деп эскертишти – Россиядан экспорт азайып баратат

Россия экспортту азайтышынан улам жакында Кыргызстандын нефтетрейдерлери дизель майынын баасын көтөрүүгө аргасыз болушат. Бул тууралуу алар 16-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңешбай Тайлаков менен жолугушууда айтышты, деп билдирет комитеттин басма сөз кызматы. Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизель майынын сатыктагы баасы тоннасына 600 долларга, АИ-92 бензини болсо – тоннасына

Россиядагы кыргызстандык мигранттар мамлекеттик ипотека ала алышат

Россиядагы кыргызстандык мигранттар мамлекеттик ипотека ала алышат

Мамлекеттик ипотекалык компания менен Россиянын Свердлов облусундагы Кыргызстан жарандарынын диаспорасы (ОО «Кыргызская Диаспора Ала-Тоо (Белые Горы) – Урал») кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди. Бул меморандумдун негизинде тараптар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде сыртта эмгектенип