КЭР - КР - Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди
Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 4-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Джун жетектеген өкүлдөрү менен