Өзбекстандан келе жаткан 24 миң кг дарбыз кайра артка кайтарылды
«Достук» көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан КРнын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 24 миң кг өлчөмүндө жаңы бышкан дарбыз кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө келе жаткан жүктүн ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин