Доллар төмөндөдү, бирок комбанктардын пайыздары эсептик ченден улам көтөрүлгөн бойдон калды – депутат
Бүгүн, 16-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Жыйында депутат Эмил Токтошев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге эсептик чен боюнча суроолорун берди. «Мына, Россиянын борбордук банкы эсептик ченди түшүрдү. Бизде болсо 14%. Доллар өстү, кайра ордуна түшүп, андан да ылдыйлап