«Кыргызстандын маалымат соода порталы» бизнестеги кыйынчылыктарды жеңилдетет – Евробиримдиктин КРгы өкүлү
Кыргызстандык ишкерлер үчүн ачылган «Маалымат соода порталы» сооданын ачыктыгын жогорулатууга жана бизнестеги тоскоолдуктарды азайтууга жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте өткөн порталдын ачылыш аземинде Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр билдирди. Евробиримдиктин элчиси белгилегендей, акыркы эки жылда дүйнө пандемиядан улам бир топ өзгөрдү жана азыр бул жоготууларды бардык чаралар