Назира Абдиева

АКШ элчилиги чек арачыларга 170 миң долларлык жабдыктарды белек кылды

АКШ элчилиги чек арачыларга 170 миң долларлык жабдыктарды белек кылды

АКШнын Элчилиги радиацияны аныктоо жана идентификациялоо үчүн Кыргызстандын Чек ара кызматына 170 миң долларлык жабдууларды берди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады. Кечээ, 8-июлда КРнын УКМКнын Чек ара кызматында (КР УКМК ЧАК) өткөн салтанат учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча

Президент Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган «27 мамлекеттик мектептин курулушу»  долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинен маалымдашты. Бекитилген план боюнча, бардык 27 билим берүү объектилери жылдын аягына чейин курулуп бүткѳрүлѳт. Ал эми азыркы учурда 4 мектептин курулушу бүткөн. Бул объекттердин тендер боюнча жалпы сметалык наркы

Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда

Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда

Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда. «Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, ЖКнын сайтында жарыяланды. «Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору криптоактивдерди жүгүртүүдө жаралуучу мамилелерди мыйзамдар менен жөнгө салуу, анын ичинде криптоактивдерди түзүү, чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Криптовалюта биржаларынын болушу криптовалюталарды өтө өтүмдүү

Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот

Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот

«Манас» эл аралык аэропорту ААКсы Бишкек жана Шарджа (БАЭ) шаарларынын арасындагы туруктуу аба каттамын улантаарын кабарлады. Авиакаттам жумасына 3 жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы  – төрт саатка жакын. «МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү

АӨБ КРнын энергетика, транспорт тармактарындагы реформаларын каржылоого даяр

АӨБ КРнын энергетика, транспорт тармактарындагы реформаларын каржылоого даяр

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) КРнын энергетика, транспорт жана социалдык коргоо тармактарындагы реформаларды колдоого даяр. Бул тууралуу АӨБдүн президенти Масацугу Асакава КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен виртуалдык жолугушуу учурунда билдиргенин аталган финансы институтунун маалымат кызматы кабарлады. «Коронавирус алып келген кыйынчылыктар КРнын экономикасын калыбына

Centerra Gold КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына кошумча дооматтарды койду

Centerra Gold КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына кошумча дооматтарды койду

Centerra Gold Inc. арбитраждык сотто КРнын Өкмөтүнө кошумча доо арыздарды келтирип, «Кумтөр» кенин мыйзамсыз экспроприациялагандыгына байланыштуу, «Центерранын» ири акционери болгон «Кыргызалтын» ААК мамлекеттик ишканасына дооматтарды койду. Мындай билдирүү компаниянын сайтында кечээ, 7-июлда жарыяланган. Centerra Кыргызстандын өкмөтүн жана «Кыргызалтын» ААКны алтын кенин тартып алуу боюнча «узак мөөнөттүү инвестициялык келишимдерди бузду жана

ОКӨФ «Бакубат Талас» Фонду менен бирге Талас облусунда долбоорлорду каржылоо программасын баштайт

ОКӨФ «Бакубат Талас» Фонду менен бирге Талас облусунда долбоорлорду каржылоо программасын баштайт

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) жана «Бакубат Талас» Фонду Талас районундагы долбоорлорду комплекстүү каржылоо боюнча биргелешип иш алып барууга макулдашты. Бул тууралуу, кечээ, 7-июлда «Бакубат Талас» Фонду менен өз ара кызматташуу боюнча ОКӨФ менен «Альянс Алтын» ЖЧКнын жетекчилигинин жолугушуусунан кийин белгилүү болду. ОКӨФ бул ыкма регионго оң таасирин тийгизип, калкты иш

Алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо процесси уланууда

Алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо процесси уланууда

Кечээ, 7-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары аркылуу маркалоону киргизүү процессин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Товарларды маркалоо» маалыматтык тутуму жана «Текшер» элдик жана инспектордук көзөмөлдүн уюлдук тиркемеси сунушталды.  Бул система аркылуу спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр жана

ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) ишкерлерге бизнес-долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жана инвестициялык долбоорлорго потенциалдуу каржылоо алууга жардам берет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. РФнын колдоосу менен каржыланган ПРООНдун «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү» долбоорунун алкагында приоритеттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү иштери улантылууда. Долбоорду тандоонун минималдуу критер

Кыргызстан 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттарын тааныйт

Кыргызстан 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттарын тааныйт

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 20 мамлекеттен коронавируска каршы эмдөө сертификаттарын тааныйт. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Сертификаттары таанылган өлкөлөрдүн тизмеси: 1. Улуу Британия 2. Венгрия 3. Катар 4. Израиль 5. Грузия 6. Сауд Арабия Падышалыгы 7. БАЭ 8. Корея 9. Польша 10. Сан-Марино 11. Казахстан 12.

Кыргызстанда цементтин баасы бир айда 13%га көтөрүлдү

Кыргызстанда цементтин баасы бир айда 13%га көтөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында республика боюнча 50 кг цементтин чекене баасы орточо эсеп менен 355.1 сомду түзгөн жана бул май айына салыштырмалуу дээрлик 13%га өскөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди. Ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу  1000 даана үчүн 7 840.8 сомду түзгөн жана 5%