Австрия КРга энергетика, саламаттыкты сактоо жана IT жаатындагы долбоорлорго «жеңилдетилген» насыяларды берүүгө даяр
Австрия Кыргызстанга энергетика, саламаттыкты сактоо жана IT жаатындагы долбоорлор үчүн «жеңилдетилген» насыяларды берүүгө даяр. Бул тууралуу 11-июнда КРнын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы Элчиси Бакыт Джусуповдун Австриянын Европа жана Эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Башкы катчысы Питер Лаунский-Тиффенталь менен жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.