Бул жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр эки эсеге өстү - Соцфонд
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев 2022-жылдын он айына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр көп болуп жатканын билдирди. Жыйында комитеттин мүчөсү депутат Фарход Алимжанов эмнеге 2022-жылы Соцфонддо туумдун көлөмү, тагыраак айтканда, өз убагында төлөнбөгөн, чегерилбеген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдун көрсөткүчтөрү өсүп кеткенин сурады.